Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү.

КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

«Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!», — деп айтылат маалыматта.