Режиссёр Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарынын» Гран-приси болуп эсептелген Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу кинофестивалдын социалдык тармактагы баракчасында айтылат.

Бүгүн Голд-Кост шаарында (Австралия) 15-АПСА сыйлыктарын тапшыруунун салтанаттуу аземи болуп өттү.

Актан Арым Кубаттын тасмасы “Мыкты тасма”, “Мыкты сценарий” жана “Мыкты спектакль” деген үч номинацияда көрсөтүлдү. Жыйынтыгында картина калыстар тобунун Гран-присин жеңип алды.

«Эсимде» эс-тутумунан ажыраган Зарлык карыянын жыйырма үч жыл бөтөн жерде кыйынчылыктан кийин мекенине кайтып келгени тууралуу баяндалат. Кыргызстанда премьерасы 2022-жылдын 17-ноябрында болот.

2007-жылдан бери ыйгарылып келе жаткан APSA сыйлыгы жыл сайын эл аралык сыйлыктардын арасында өзгөчө мааниге ээ болуп, кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталып келет. Ал Австралия өкмөтүнүн демилгеси менен ЮНЕСКОнун жана Кинопродюсерлердин эл аралык ассоциациясынын жардамы менен уюштурулган.