Стамбулдагы жарылууда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районунун Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон. Түркиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, жарылуудан 6 адам каза болуп, дагы 50сү жаракат алган.

«Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирет. Башкы консулдук Түркия бийлиги менен байланышта болууда», — деп айтылат маалыматта.

Түрк укук коргоо органдары каза болгондор жана жабыркагандардын саны көбөйүп, иликтөө иштери уланып жатканын маалымдайт.