Жалал-Абад облусунда Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Мажитова Шарапат Мажитовна, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек Садырбекович жана мамлекеттик областык, райондук тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана
онлайн тартибинде облустун бардык райондорунун жана шаарларынын социалдык маселелер боюнча тиешелүү кызматкерлери, аялдар кеңеши жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.

  

Жыйында балдар иштери боюнча комиссиялары, райондук жана шаардык социалдык өнүгүү, ички иштер, билим берүү башкармалыктары жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун, зордук-зомблуктун алдын алууда аткарылган иштер боюнча маалыматтар угулуп, талкуунун соңунда сунуштар алынды.
Мисалы, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, тобокелчиликке кабылган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында үйлөрдү кыдырууга каржылык жактан колдоо көрсөтүү, психологдордун штатын көбөйтүү, Жалал-Абад облусунда кризистик борборду ачуу, айрым мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
Жыйындын соңунда Кеңештин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү түзүлдү.
Иш сапардын алкагында депутат Шарапаткан Мажитовна
Жалал-Абад облустук үй- бүлөлүк медицина борборунун башталбай токтоп турган имараты жана Жалал-Абад шаарындагы жалпы орто билим берүүчү Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын курулушунун сапаты менен таанышты.


Ошондой эле Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемеси жана Ак бермет үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнөн кабар алды.
Жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрү менен биргеликте социалдык жана каржы маселелерин биргеликте чечүү пландаштырылды.