Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-ноябрда саат 9.00дөн 18.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.