Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги кеңешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кеңешме Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимовдун жетекчилиги алдында Тажикстандын Душанбе шаарында болгон.

«Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлуп, тараптар кийинкисин Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты», — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү кошумчаланды.