Өзбекстан Кыргызстан менен чек ара сызыгы аныкталгандан кийин 130 үйдү көчүрөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов өзбек парламентинин төмөнкү палатасынын жыйынында билдирди.

«Чек араны делимитация жана демаркация иштери бүткөн соң ортодон зым тартылышы керек. Өзүнүн талаптары бар, ортосундагы аралык 50 метрди түзгөн эки тараптан зым тартылат. Ал талаптарды аткаруу үчүн белгилүү бер жерлерден элди көчүрүүгө мажбур болобуз. Азырынча биздин эсептөөлөр боюнча 130 үйдү көчүрүү пландалууда. Аларга компенсация төлөө үчүн 50 миллиард сум (болжол менен 378 миллион сом) каралган. Ар бир үйдүн бак-дарагына чейин компенсация берилет», — деди Арипов.

Ошондой эле ал өкмөт көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө өзүлөрү турак жай куруп алышы үчүн башка жактан жер тилке берип же даяр үйлөрдү сунуштап, бир дагы адамды нааразы кылбай турганын белгиледи.