Кыргыз коомчулугунда акыркы убакыттарда бийликке келебиз деген батышчыл күчтɵрдүн артында ызы-чуу жараткан Кемпир-Абад маселеси ар бир кыргызстандыкты кайдыгер калтырган жок. Маселени түшүнгɵнү да, түшүнбɵгɵнү түрдүү пикирлерди социалдык тармактарда жазып жатышат. Мекенин сүйгɵн адам катары мен дагы ɵз пикиримди жазууну туура кɵрдүм.

Батыштын акчасы менен массалык баш аламандык уюштуруу ниетиндеги 26 жаран камалды. Укук коргоо органдарынын мындай иш-аракети эл тарабынан туура кабыл алынды. Аймактардын жашоочулары «Бизге тынчтык керек, элди бузгандарга чара кɵрүлсүн» деген кайрылууларды жасап жатышты. Дүйнɵ жүзүндɵ коопсуздук маселеси курч болуп турган учурда биздей кичинекей, экономикасы алсыз ɵлкɵгɵ тынчтык гана керек.

Кемпир-Абад маселесинин күңгɵй жактарына саресеп салалы:

Кемпир-Абад суу сактагычынан ушул күңгɵ чейин кыргыз тарап 1 литр суусун да пайдаланган эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал жер дайыма ϴзбекстан тараптан кайтарууга алынып, балык уулоого баргандарды кармап, чара колдонуп келишкен. Азыркы эки тараптуу келишимге ылайык, мындан ары суу сактагычка эки ɵлкɵ 50/50 пайыз башкаруу кылат. Насос салынып, кыргыз айылдарына суу тартылат. Жергиликтүү тургундар үчүн балык чарбасына жана мал сугарууда маселе жаралбайт. Ошондой эле мурда 4217 гектар жерди суу басып, анын айланасында жашагандар мал жайытсыз калып калышкан. Азыр ϴзбекстан тараптан бул жердин ордуна 1000 гектар жер берилип жатат.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-ɵзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ɵткɵн жумада карап, жактырган. Депутат Чолпол Султанбекованын айтымында, бул келишим Кыргызстан үчүн буга чейин болбогондой пайдалуу болгонун белгилеп, колдогонун билдиришкен.

Ал эми 14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-ɵзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ратификациялаганы жарыяланды. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кемпир-Абад суу сактагычынын маанилүүлүгү жана келишимдин шарттары тууралуу парламентте тɵмɵнкүдɵй билдирүү жасады: «Бул келишимге оңойлук менен жетише алган жокпуз. Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар негизги маселелер чечилип жатат. Кыргызстандын аймагындагы Анжиян суу сактагычы (Кемпир-Абад — ред.) өлкөбүздүн айылдары үчүн өтө маанилүү стратегиялык объект болуп саналат. Азыр 171 миң гектардан ашык, Кыргызстандын 25 миң гектар жери сугарылат. Анын сыйымдуулугу 1 миллиард 576 миллион куб метр, аянты 4957 гектар. Биз ошол суу баскан жердин ордуна Анжиян облусунун Коргон-Төбө, Пашакор тилкесинен 1019 гектар жайыт жер берүүнү сунуштап жатабыз. Мурда Өзбек ССРи тарабынан 4 127 гектар жер суу сактагыч үчүн компенсация катары берилгенин белгилеп кетким келет», — деген Арипов.

Тарыхка кайрылсак: Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 2021-жылы «Автор ТВ» га берген маегинде Үзɵңгү-Кууш маселеси тууралуу пикири менен бɵлүшкɵн: «1960-жылы чек ара маселеси абдан курчуп кеткен. 1969-жылы СССР менен КНР чек арасын такташты. Жалпысынан 25 талаштуу жер болсо, анын бешөө Кыргызстандын чек арасында болгон. Алардын бири – Хан Теңири. 1993-жылы КЭРдин президенти Шанхайда 5 мамлекетти чогултуп, чек ара маселесин эл аралык укуктун негизинде чечүүнү сунуштаган. Биз макул болдук. Анткени, маселени Акаев жалгыз чечкен эмес. Биз да комиссия түзүп, сүйлөшүүлөрдү баштадык. Ошентип, эл аралык мыйзамдарга ылайык, талаштуу аймактар ​​бөлүккө бөлүнгөн. Анан чек ара маселесин 10 жылда чечтик» – деген Акаев.

Узакка созулган сүйлɵшүүлɵрдүн натыйжасында Кыргызстан Үзөңгү-Кууш капчыгайын 2002-жылы Кытайга өткөрүп берген. 2004-жылы Кытай менен чек аранын делимитация боюнча сүйлɵшүүлɵрү аяктаган, азыр ал такталып, эч кандай талаш-тартыш жаратпайт.

Кошуна Кытай менен коопсуздукта жана достук карым-катнашта жашап жатабыз. Аскар Акаевди дагы Үзɵңгү-Куушту сатты деп  бүгүнкү күнгɵ чейин күнɵɵлɵп келебиз. Бирок, Кыргызстандын келечеги жана коопсуздугу үчүн туура чечим кабыл алганын тарых далилдеп жатат.

Чек араларды тактоодогу эл аралык мыйзамдарга ылайык жер алмашуу жолу менен ϴзбекстан менен талаштуу аймактар биротоло чечилип калса, эртеңки күнү мамлекеттин бүтүндүгүнɵ жана коопсуздугуна коркунуч туулбасын эске алышыбыз керек.

Кыргызстандын буга чейинки мамлекет башчылары Тажикстан менен чек араны чечүүнү улам артка жылдырып отуруп, акыркы жылдардагы адам ɵлүмү, талап-тоноолор, материалдык чыгымдар менен коштолгон окуялар болуп жатат. Эгерде «президенттик мɵɵнɵтүм тынч ɵтсүн, менден кийинкилери чечсин» деген салкын мамиле кылышпаса кыргыз-тажик жаңжалдары чыкмак эмес.

«Кемпир-Абад келечек муундарга калсын» деген жасалма ппатриотторду Кыргызстандын коопсуздугу ойлондурбайт. Аларга кенедей бир шылтоо болсо, ички тынчтыкты бузуп, батыштан акча алып, жан багыш керек. Мамлекетке чындап күйсɵ, анын бүтүндүгү менен коопсуздугунан кам санаса, тарыхка кɵз жүгүртүп, Кытай менен болгон чек ара маселесинин чечилишине анализ кылып кɵрүшсɵ болмок.

Аскар Аскаевдин жогорудагы маегинен улам, Кытай менен СССРдин чек аралары боюнча кооптуу жагдайлар жаралып, маселе курчуп кеткенин. Улуу держава, миллиардаган калкы бар, экономикасы менен дүйнɵ жүзүн багынтып келе жаткан Кытай менен СССР дагы тирешүүнү каалабаганын аңдасак болот.

Улуу ойчулдардын «Келечекти кɵрɵ билүү үчүн, тарыхка кайрылуу зарыл» деген кеби тɵгүн жерден айтылбаса керек.

Кемпир-Абад боюнча келишимди Жогорку Кеңеш жакынкы күндɵрү жактырып, келишимге мамлекет башчысы кол коюшу күтүлүүдɵ.

Биз президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын бүл иш-аракеттерин чыккынчылык катары эмес, келечекти кɵрɵ билген чечим катары баалашыбыз керек. Бүгүн айрым тараптар элди бузуп, ызы-чуу кылып, Кемпир-Абадды шылтоолоп бийликке келүүнүн амалын жасашына жол бербɵɵгɵ тийишпиз.

ϴзбекстандын элинин нараазы болгону дагы билинген жок. Алардан дагы жерлер берилди. Парламенти келишимди жакшынакай кылып колдоп бериптир. Алар дагы кошуналар менен тынчтыкта жана достук мамиледе жашаганга кызыкдар экени белгилүү да.

Базарбек Исманов, Бишкек шаары.