Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Американын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомдук дипломатия боюнча кеңешчиси Миранда Люпион менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушууда Миранда Люпион айым Баткен шаарынын аймагындагы мектептерде иштеген англис тили мугалимдерин, жергиликтүү бийликте иштеген кызматкерлерди, окуучуларды, студенттерди АКШдагы атайын гранттык программалардын негизинде окууга кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Ага катар эле билим берүү мекемелерине англис тилин үйрөтүү боюнча атайын китеп жана керектүү куралдар менен камсыздоосу тууралуу айтты.

Мындан тышкары студенттерге акысыз англис тилин окутуу боюнча программалар тууралуу маалымат берди.