Бүгүн, 16- ноябрь күнү Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия Маданий Борборунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин маалымат системасын ишке киргизүү үчүн техникалык жабдууларды жана материалдарды Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине тапшырды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов менен Корея Республикасынын Кыргызтандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэнин катышуусунда өттү.
Ушундай эле техникалык жабдуулар Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан-Датка атындагы Көчмөндөр Цивилизациясынын борборуна дагы тапшырылат.