Бүгүн, 17-ноябрда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда күндүз 2…7,

Таласта 3…8, Ысык-Көл облусунда күндүз 1…6,

Нарында 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 6…11 градуске жетет.

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын табы күндүз 4…6 градус болот.