Түркмөнстандан 2010-жылдын 10-сентябрындагы абдан бир кызыктуу расмий документ биздин колубузга түштү. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Казакбаев Руслан Айтбаевичтин дарегине Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчисинин ошол кездеги кеңешчиси Чыңгыз Игембердие жубайы Асель Базаркулова менен бирге дипломаттын жогорку даражасына туура келбеген иштер менен алектенген.

 Тактап айтканда, алар мыйзамды бузуу менен Кыргызстандын окуу жайларында окууну каалагандарга виза беришет. «Мындан тышкары, жасалма тоскоолдуктарды жаратып, оригиналдуу чакыруусу бар жарандарга виза берилбей, бирок кошумча акы үчүн мындай чакыруулар Элчиликте жасалып, андан кийин мыйзамдуу документтери жок адамдарга берилет», — деп айтылат документте. Ошондой эле Кыргызстанда убактылуу окуусун уланта албаган түркмөнстандык студенттерге академиялык өргүү тууралуу күбөлүк парага берилчү экен.

Документте түркмөн тарап Ч.Игембердиевдин жана анын жубайынын мындай аракеттери Түркмөнстандын мыйзамдарын одоно бузуу экенин билдирген.

«Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен түркмөн тарап кыргыз тараптан Ч.Игембердиевдин жана анын жубайынын Түркмөнстанда мындан ары болушунун максатка ылайыктуулугун тез арада карап чыгууну өтүнөт», — деп Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жөнөткөн экен.

Документтин маңызын кыскача айтсак болот – Чыңгыз Игембердиев жубайы Асель Базаркулова менен КРнын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси болуп турганда жасалма жол менен тоскоолдук жаратып, Түркмөнстандын жарандарынан акча өндүрүп, байыган.

Чыңгыз Игембердиев деген адам кадимки эле Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков —  бир киши. Чыңгыз ушул чатак иштен кийин Айдарбеков боло калган. Ашхабаддагы кылык-былыктарын жаап-жашыруу үчүн фамилиясын өзгөртүүгө туура келген да. Ал эми атактуу бабасынын ысымын жамынууну туура коргөн тура.

Анын таятасынын аталары кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон Иманаалы Айдарбеков. Чыңгыз Айдарбеков деген фамилияга көлөкө түшүрүп, анын атын жаманатты кылды, анткени кызмат абалынан пайдаланып, чөнтөгүн ойлоп, абийирсиздик менен акча жасаган.  Эң өкүнүчтүүсү, мындай ишмерлер эч кандай моралдык принциптерге таянбастан Кыргызстандын тышкы саясатын ишке ашырууга катышкан. Кейиштүүсү — Тышкы иштер министрлигинин авторитетин түшүрүп, бүтүндөй өлкөгө болгон ишенимди кетирип жатканында.

Эртеби-кечпи, кыңыр иш кырк жылда, кылган иштери үчүн жооп берүүгө туура келет. Мыйзам алдында баары бирдей. Ал эми кимдир бирөө Игембердиев-Айдарбековду популизми үчүн мактай баштаганда, анынбасып өткөн кылмыш жолун эстей жүргүлө… Баса, бул анын дипломатиялык өтмүшүнөн бир эле мисал.