Күн мурун, 16-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерттик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, кыргыз эл артисти Келдибек Ниязовдун дарегине арналган куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Андан соң концерттик программага орун берилип, концерт Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов баштаган акындардын Келдибек Ниязовго арналган куттуктоо ырлары менен башталды.

Куудулдун мааракесин куттуктап келген КР эл артисттери Алтынбек Сапаралиев, Күмөндөр Абылов, Сыймык Бейшекеев, куудул Жамбыл Камчиев, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын ырчылары концертке келген көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты.

Салтанаттуу кеченин соңунда куудулдун 70 жылдык мааракесин куттуктап келген Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына жана Нарын облустук админстрациясынын өкүлдөрүнө сөз берилди.

Келдибек Ниязов 1952-жылы 8-сентябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылында туулган.

1969-жылы Куланак айылындагы орто мектепти аяктап, 1972-жылы эки жылдык эстрадалык студиядан окуп, улуттук эстрада жанрынын негиз салуучусу Чоро Кожомжаров менен бирге иштешкен.

1989-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин маданий массалык иштер боюнча факультетин аяктаган.

Окууну аяктаган соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип, эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен чыгармачылык жолдо бирге иштеген.

Белгилүү куудул Асанкул Шаршенов менен кыргыз сахнасында кыргыз элине күлкү-шаң тартуулап, дээрлик 30 жылдан ашык бирге жүргөн.

Келдибек Ниязов “Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы», “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардактуу наамдары менен сыйланган.