Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады.

Жыйында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дароо үч окуудан жактырылды.

Депутаттардын 64ү “макул”, 19у “каршы” добушун берди.