Ukrainian leader Volodymyr Zelensky speaks with CNN on Sunday, March 20. (CNN)

 Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын аткылоосунан улам 10 млн адам электр жарыгы жок калганын билдирди.

«Көпчүлүк район-шаарда электр энергиясы авариядан улам кайрадан өчүп жатат», — деди Зеленский видео кайрылуусунда.

Россиянын аскердик операциясына чейин Украинада 40 миллиондон ашык калк жашачу. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, андан кийин Украинадан 12 млн адам чыгып кеткен.

Ошондой эле кээ бир район-шаарда жылуулук берүү да үзгүлтүккө учурап жатат. Андан тышкары өлкөдө уюлдук жана интернет байланышы да начар болуп жатат.