Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргыз эл акыны, жазуучу жана коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы «Манас» орденинин ээси Омор Султанов – 87 жыл» аттуу эскерүү кечеси өттү.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, кеченин алкагында китеп-сүрөт көргөзмө коюлду.

Эскерүү кечесине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, акын-жазуучулар, журналисттер, коомдук ишмерлер жана ыр ышкыбоздору катышты.

Омор Султановдун ырлары көркөм окулуп, анын өмүр жолун, чыгармачылыгын, турмушта кездешкен кызыктуу окуяларын эскеришти.

Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. 2022-жылы 3-апрелде дүйнөдөн кайткан.

О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган.

Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.