Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 200 млн долларга жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ишкана курулат.

Ишкана 100 гектар жерге курулуп, жылына 1 млн тонна, күнүнө 200 тонна минералдык жер семирткич өндүрөт. Заводдо 800-1000 киши жумуш орун менен камсыздалат. Минералдык жер семирткичтерди чыгаруу үчүн көмүрдүн пайдасы (гүмин) колдонулат.

Учурда жерди трансформациялоо иштери аткарылууда.