«Өлкөбүздү өнүктүрүү маселеси кандай маанилүү болсо, билим берүү маселеси дагы ошончолук маанилүү», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылы курулуп бүткөн жаңы билим берүү мекемелеринин бет ачарына арналган иш-чарада. 

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

«Урматтуу агартуучулар!

Кымбаттуу билим берүү тармагынын өкүлдөрү!

Иш-чаранын кадырлуу катышуучулары!

 

Мынакей азыр эле сиздер менен чогуу борбор калаада курулушу бүткөрүлгөн билим уялары боюнча видеотасмага күбө болуп, кубанычыбыз койнубузга батпай турган кезибиз.

Чынында буга чейин борбор шаарыбызда 15 билим берүү мекемеси 5 ай ичинде курулуп, пайдаланууга берилген учур болгон эмес. Муну эми ашыра мактангандык деп айтууга болбойт. Айтайын дегеним, мамлекетибиздин билим берүү тармагына олуттуу көңүл бура баштаганына курулушу бүткөрүлгөн мектептерибиз айкын күбө! Болбосо аймактарды мындай коелу, өлкөнүн борбору болгон Бишкек шаарындагы бир топ мектептердеги класстарда кырктан, элүүдөн бала окуп жаткандыгы ойлондурбай койбойт. 25 окуучуга ылайыкталган класстарга мынчалык көп баланын окуп жаткандыгы, албетте, билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизери турган иш! Ошол эле маалда, тилекке каршы, мындай көрүнүш уланып жаткан кезде, 40-50 окуучуга билим берүүгө аракет кылган мугалимдерибизге ыраазычылык гана билдиришибиз керек.

Мунун баары, албетте, Кыргызстандагы калктын демографиялык өсүүсү менен тыгыз байланыштуу. Бир нече күн мурун эле биз өлкөбүздөгү 7 миллионунчу жарандын жарык дүйнөгө келгенин бүт дүйнөгө жар салдык. Башкача айтканда, элибиздин канат-бутагы жайылып, саныбыз артууда. Ага жараша мектеп окуучуларынын саны көбөйдү. Мындан улам, сөзсүз түрдө мектептердин санын арттырууга дагы кам көрүшүбүз абзел. Балдардын санынын өсүшү менен жылына 24 мектепти салып турушубуз керек экен. Биз аны унутта калтырбайбыз. Биз ар дайым мамлекеттик пландоо дегенди эстен чыгарбашыбыз керек.

Республика боюнча эки жыл мурун 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Анын барын куруп бүтүп, азыр эле санын алдым, 80ден ашык мектеп калыптыр. Жараксыз, окуганга болбойт деген мектептер. 60-70-жылдары курулган мектептер. Кудай буюрса алдыда дагы эки-үч жылда толук салып бүтүп, мектеп, бала бакча маселесин чечебиз.

Туура, 15 билим берүү мекемесин куруп, колдонууга берүү менен эле класс жетишсиздигин толугу менен чечип салдык дегенден алыспыз. Бирок, мындай иштер ар бир баланын татыктуу билим алуусун камсыз кылууга жасалган ыкчам аракет экенин эч ким танбаса керек.

Өлкөбүздү өнүктүрүү маселеси кандай маанилүү болсо, өлкөнү өнүктүрүүгө жасалган аракеттердин сап башында турган билим берүү маселеси дагы ошончолук маанилүү, ошончолук зарыл маселе!

Учурда бүткүл дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан дагы заманбап чакырыктар менен коркунучтарга туш болуп жатат. Алардын бардыгын билимдүү коомчулук менен гана жеңип чыгууга болорун дүйнөлүк окумуштуулар айтып дагы, эскертип дагы келатышат. Билимдүү коомчулук гана өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугунун, экономикалык өнүгүүнүн жана жаратылышты коргоонун негизи болуп бере алат. Ошентип, билимдүү коомчулук, билимдүү улут гана өлкөнүн өнүгүүсүнүн чыныгы локомотиви боло алары айныгыс факт!

Мына ушундай өлкөбүздү өнүктүрүүдө билим берүүнүн орду канчалык зарыл экени айкын болуп турган шартта биз жигердүү аракеттерди көрүү менен бирге, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, бул тармакты жетиштүү каржылоого дагы өзгөчө көңүл бурабыз.

Азыркы күндө дүйнөнү күч менен эмес, билим менен башкарган заманда билимдүү элдин башкы байлыгы сабаттуулук болуп калды. Мындан улам, биздин эң башкы стратегиялык артыкчылыгы дал ушул сапаттуу билим берүүгө, сабаттуу коом, сабаттуу улут түптөөгө багытталып олтурат!

Билим берүү тармагын каржылоодо мамлекеттик чыгымдар тынымсыз өсүп келе жатканын жүргүзүлгөн анализдерден байкасаңыздар болот. Маселен, 2012-жылы билим берүү тармагына мамлекеттик бюджеттен 21,7 миллиард сом каралган болсо, 2020-жылы бул сумма 39,9 миллиард сомго өскөн. Дээрлик эки эсеге өскөн.  2022-жылга билим берүү тармагына кошумча 16 миллиард сом каралган.

Мен жогоруда белгилегенимдей, буга чейин Бишкек шаарында республикалык бюджеттен каражат каралып, беш айдын ичинде 15 мектеп эч качан курулган эмес. Мындай жетишкендиктерди эч тартынбастан эле аткаруу бийлигинин, Бишкек шаарынын мэринин билим берүү жаатында жүргүзүп жаткан туура саясатынын натыйжасы деп айтууга болот.

Ошентсе да бүгүнкү кырдаал коюп жаткан талаптардын артында сапаттуу билим берүүгө жетишүү, бүтүрүүчүнүн компетенттүү, квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү кызматкер болуп чыгуусуна жол чабуу, заман талабына ылайык окуу жайларын куруу менен билим берүүнүн жаңы ыкмаларын кеңири колдонуу маселелери турат.

Ошентип быйыл заман талаптарын аңдай билип, күндүн күрөө тамырын кармай билип жаңы күч, жаңы дем, жаңы имараттар жана жаңы демилгелер менен билим берүү өнөктүгүнө акырындап кириштик.

Дүйнө жүзүндө компьютердик технологиянын арааны жүрүп жаткан кезде биз жаңы мектептерди салуу менен бирге, маалыматтык-компьютердик технологияларды өздөштүрүүнү дагы катар алып кетишибиз кажет. Мектептер, орто жана кесиптик, жогорку окуу жайлар сөзсүз түрдө компьютер менен камсыз болуп, интернетке туташтырылышы маанилүү. Бул маселелер акырындык менен ишке ашырылып келе жатат.

Бүгүнкү күндө биз өлкөдөгү бардык түзүмдөрдү, анын ичинде билим берүү тармагын санарипке өткөрүүгө басым жасап, санариптик системаны түзүү боюнча көп иштерди аткарып жатабыз.

 

Урматтуу мугалимдер!

Мамлекеттин бүткүл тармагын, анын ичинде эң негизги артыкчылык берилген билим берүү тармагын өнүктүрүүгө биз менен кошо сиздердин алдыңыздарга чоң жоопкерчилик коюлган!

Сиздер келечек ээлерине терең билим жана татыктуу тарбия берип, андан кийин түрдүү кесиптерге үйрөтүп, кыргыз жараны катары калыптанышына, кесипкөй адис болушуна, элин-жерин сүйгөн, ата-энесин урматтаган, улуттук маданиятын, нарк-насилин жана элдик көркөм мурастарын аздектеген адам болушуна түздөн-түз себепкер боло турган ары ардактуу, ары түйшүктүү кесипти тандап алгансыздар. „Мугалим — мөмөлүү дарак“ деген накыл кептегидей, өлкөбүздө кайсы гана тармакта болбосун, албан-албан ийгиликтерге жетишкен эр-азаматтар чыкса, алар сиздердин мөмөңүздөр экенин, эң ири андай жакшы саамалыктарда сиздердин эмгегиңиздер түрткү болгонун баарыбыз билебиз. Ар бир баланын пайдубалын түптөп, турмуш сапарына чыгарган мына сиздерсиздер!

Мына ушундай өлкө келечегин аныктоодо маанилүү ролду ойногон мугалимдер коомчулугунун жемиши көзгө дароо эле илине койбойт. Ага талбаган эмгек, тер төккөн мээнет жана убакыт талап кылынат. Дайыма изденүүнү, мезгил агымы менен бирге жүрүүнү, кыраакылыкты, көрөгөчтүктү, эң башкысы өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликти талап кылат. Мына ушундай маанилүү кесип ээлерине бүгүнкү күндө биз ар тараптан колдоо көрсөтүүгө далалат кылып келет. Мунун эң алгачкы кадамы катары мугалимдердин мээнетин татыктуу баалоо иретиндеги айлык маяналардын көтөрүлүшү болсо, андан кийинки кадамдар бүгүнкү жакшы саамалык катары мектептердин курулушу болуп олтурат. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окуу жайларында окууга түрткү бере тургандай кылып билим берүү системасында бир топ реформаларды жүргүзүүгө белсенип киришүүдөбүз.

 

Кадырлуу эжей-агайлар!

Кыргызстандын жаркын келечегине даңгыр жол салуу сиздердин колуңуздарда. Элибиздин өнүккөн Кыргызстанды көрүү насиби дагы сиздерден түздөн-түз көз каранды. Келечек муундарыбызга татыктуу тарбия, терең билим берүү жоопкерчилигин аласыздар деп бекем ишенем!

Биз — өлкө жетекчилиги сиздер менен биргеликте гана билим берүү тармагында олуттуу ийгиликтерди жарата алабыз. „Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат“ деген накыл кептегидей, билим аркылуу гана бийиктиктерди багынта алабыз.

Сиздер берген билим-тарбия ар бир жеткинчектин жүрөгүндө түнөк таап, Кыргызстаныбызды ар тараптан өнүктүргөн уул-кыздарыбыздын аздектеген агай-эжейлеринен боло аласыздар деп абдан үмүттөнөм!

Сиздерге кажыбас кайрат, бекем ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

 

Урматтуу иш-чаранын катышуучулары!

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, өзүңүздөр күбө болгондой заманбап, бардык шарттар түзүлгөн жаңы мектептерди куруп, бизге тапшырган улуттук курулуш компанияларына терең ыраазычылык билдире кетейин!

Ата Журтубуздун келечек ээлерине кам көрүүдө, балдарыбыздын татыктуу билим алышына зор салымыңыздарды кошуп жатасыздар жана мындан ары дагы мындай иштерге жигердүү катышасыздар деген терең ишеничтемин!

Сөзүмдүн аягында, учур талабына ылайык курулган, жаркыраган жаңы мектептердин курулушун жүргүзгөн биздин улуттук „Ак-Бата“, „Рамзан“, „Капитал Курулуш“, „Авангард стиль“ жана башка курулуш компанияларына дагы бир жолу ыраазычылык билдирем!

Колдонууга берилген билим уяларыбыз ак жолтой болуп, бул жайлардан Кыргызстандын керегине жараган эр-азаматтар көп чыксын деп тилек кылалы!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук жана бакубат турмуш, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Жараткан баарыбызды колдосун!».