Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында 2022-жылдын 5 ай ичинде 15 жалпы билим берүү мекемесин жана 1 бала бакча курган курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сыйлады.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн азыркы жана келечектеги дүйнөдөгү ордун аныктай турган билим берүү системасын өнүктүрүүнүн чечүүчү ролун белгиледи.
Президент Садыр Жапаров борбор калаадагы айтылган билим берүү мекемелерин кыска мөөнөттө курган курулуш компаниялардын өкүлдөрүн сыйлады.
Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу жана жалпы билим берүү мекемелерин курууга жана ишке киргизүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:
— «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» ардак наамы «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эрнис Минкеевге тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангандар:
— „Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Сергей Белов;
— «Эталон Вин Спец Строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бактияр Джаманбаев;
— «Аргын Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Кубанычбек Жарыкбашев;
— «Улар-Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Уланбек Калмаматов;
— «Лидер Хаус» Курулуш компаниясы“ жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Адилет Кененбаев;
— «Компания Рамзан» жоопкерчилиги чектелген коомунун инженер-куруучусу Сапарбек Омургазиев;
— «Ясин Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мирбек Эргешов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан:
— «Лидер Хаус» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Нургазы Асанбаевге;
— «Строительная компания «Авангард Стиль» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун логистика боюнча орун басары Марат Матеновго алкыш жарыяланды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.