Бүгүн, шейшембиде, күндүз дыйканчылык аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында +6…+11,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +8…+13,

Ысык-Көлдө +5…+10,

Нарын жергесинде 0…+5 градуска чейин жылуу болот.

Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9…+11 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы +11…+13 градуска жетери болжолдонду.