Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдо талкууланып жаткан бюджеттин 35,4 миллиард дефицити кайдан келип чыкканын түшүндүрүп берди. Билдирүүнү президенттик администрациянын маалымат кызматы бөлүштү.

Өкмөт башчынын айтымында, тартыштык эсеби Эл аралык валюта фонду тарабынан бекитилген «Мамлекеттик финансылар статистикасына» карата келип чыгууда. Эл аралык бекитилген «теңдөөгө» ылайык, өткөн жылкы финансылык каражаттардын бүтүндөй калдыгы (анын ичинде министрликтердин атайы каражаттары) автоматтык түрдө келерки жылга өтөт жана беренеде тартыштык катары пайда болот. Башкача айтканда, 20 миллиард сомдон ашыгы – бул тартыштык эмес, ал жерде каржылоо булактары толугу менен аныкталган. Ал эми 10 миллиарддан ашуун каражат ички булактардын негизинде жабылат.

Жапаров мамлекет өзүнө алган бардык милдеттенмелерди, социалдык төлөмдөрдү, айлык-маяналарды толук көлөмдө аткарарын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын бюджети алгач кирешеси 282,1 миллиард, чыгашасы 291,2 миллиард сом болуп, 9,1 миллиард сом тартыштык менен бекитилген. Бирок жыл аяктаганда дефицит 35,4 миллиард сомду түзгөн.