Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги памирлик кыргыздарга үй куруп берүү үчүн башкы этапта 10 млн сом бөлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Мындай маалымат министрдин орун басары Жылдыз Полотова жана миграция маселелери боюнча башкармалыктын жетекчиси Жыпар Мамбетова КРнын Жогорку Кенешинин депутаттары менен бирге Чоң-Алай районундагы 18 памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууда белгилүү болду.

Полотова КРнын министрлер кабинетинин кабыл алынган программасына ылайык, памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак-уй куруу пландалгандыгын белгиледи.

«Бул үчүн Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, айылдын башкы планы даярдалган. Быйылкы жылы курулушту баштоо үчүн министрликтен 10 млн сом которулду», — деди ал.

Райондун акими Темирболот Абыкеев КРнын Финансы министрлигинен каражаттын бөлүнүшүн тездетип берүүнү өтүнүп, памирлик кыргыздар үчүн шарттарды түзүп берүүгө даяр экендигин маалымдады.

Эл менен жолугушууда Жылдыз Полотова мамлекеттик жөлөкпул, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жана майыптыгы бар адамдарга каралган социалдык кепилдиктер боюнча суроолорго жооп берди.