Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү катаалдаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Демилгенин маалыматтык негиздемесинде Бишкек шаарында эле 18 500 ар түрдүү коммерциялык эмес уюмдар катталганы белгиленген.

«Алардын баары эле өз иштерин уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык жүргүзбөй турганы эч кимге жашыруун эмес. Көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, өлкөнүн ырааттуу жана максаттуу өнүгүүсүнө карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулуп, саясий акцияларды уюштуруп, каржылап келишет», — деп эсептейт Нарматова.

Буга байланыштуу бейөкмөт уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору иштелип чыкканы жазылган.

Сунуш боюнча, баары эле коммерциялык эмес уюм деп аталбай, чет жактан каржыланса өзүнчө укуктук статус берилет. Алар:

чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм — пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргызстандын аймагынан тышкары түзүлгөн, негиздөөчүлөрү (катышуучулары) мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюм.

чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм — башка мамлекеттин органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет элдик жарандардан акча жана башка мүлктөрдү алган уюм. Алар чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргызстандагы саясий иштерге катыша алат.

илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энеликти жана балалыкты коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбия жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери саясий ишке кирбейт.

Кандай ачыктык талап кылынууда?

Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.

Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдун жылдык бухгалтердик отчеттуулугу да милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.

Коммерциялык эмес уюмдардын баары ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө, жетекчи органдарынын курамы жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, акча каражаттарын чыгымдоонун жана башка мүлктү, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан алынгандарды пайдалануунун максаттары жөнүндө маалыматтарды, аудитордук корутундуну берүүгө милдеттүү.

Чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилген документтерде чет өлкөлүк булактардан алынган каражаттарын жана башка мүлктү чыгымдоонун максаттары жөнүндө жана алардын иш жүзүндө чыгымдалышы тууралуу маалыматтар камтылышы керек.

Алар акчаны кайдан алып, каякка сарптап жатканы тууралуу өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттендирилет.

Ар кварталда, алты айда жана бир жылда ыйгарым укуктуу органга отчет берип туруу талабы коюлат. Ошол эле документтерди интернет булактарына ачык жарыялашат.

Ишмердүүлүгү жылына бир жолу, эгер арыз, кайрылуу түшсө, мыйзам талаптары аткарылбаса пландан тышкары текшерүү жүргүзүлөт.

Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдун уставдык документтеринде жазылган максаттарына ылайык иштешин көзөмөлдөп турат.

Ыйгарым укуктуу орган коомерциялык эмес уюмдарга карата төмөнкүдөй укуктарга ээ:

башкаруу органдарынан алардын тескемелөөчү документтерин суратып алууга;

Улуттук статистика комитетинен, Салык кызматынан жана башка мамлекеттик көзөмөлгө алуу органдарынан, ошондой эле банктардан коммерциялык эмес уюмдун финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды алууга;

өз өкүлдөрүн коммерциялык эмес уюм тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн жиберүүгө;

каттоого турбаган уюмдун ишин алты айга токтотуп коюуга, банктык салымдарды пайдаланууга тыюу салууга.

Кылмыш-жаза кодексине жаңы 200-1-беренеси кошулуп, ал «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү» деп аталат.

Иши жарандарга зомбулук кылуу, саламаттыгына залал келтирүү менен жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы жосундарды жасоого үндөгөн бирикме же коммерциялык эмес уюмдарды түзүү, жетектөө — кылмыш. Аларга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Алардын ишине жигердүү катышкандар, жосундарын пропагандалагандар 100 миңден 200 миңге чейин айыпка жыгылып, 10 жылга чейин кесилет.

Булак: Спутник кж