Кыргызстандагы батыштан каржыланган ЖМКлар кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издегенге кыйын эмеспи. Билими, эч бир кызматта иштеген тажрыйбасы жок, «хьюман» деген сɵздү айта албай «х..ман» деп күлкү болгон, билимсиз депутат Өмүрбек Бакиров жана анын жетинчи кабатындагы кабинети боюнча айрым ММКлар саясат жасап жатышат. Маселенин түпкүлүгүн караш керек. Бакиров Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда СДПК фракциясынын лидери болуп, 7-кабаттан иш бɵлмɵ тийген. Анда 6-чакырылыш болчу. Иш башкармалыктын жобосуна ылайык 7-кабатта спикер жана вице-спикерлердин иш бɵлмɵсү гана болушу керек экен.

Иш башкармалык буга чейин ϴмүрбек Бакировго бир канча жолу иш бɵлмɵсүн бошотууну эскертишип, андан оң жооп алышпаптыр. Бакиров ɵзүн дагы эле жоголуп кеткен СДПКнын лидери сезсе керек, 7-кабаттан түшкүсү келбегенине караганда. Кыргыздар айтат го, «Аттан түшсɵ да. ээрден түшпɵйт» деп…

Атамбаевдин «Апрель» телеканалы ϴмүрбек Бакировду саясый куугунтукка кабылды таризинде колдоп жатат. Апрелчилер Бакировдун Сооронбай Жээнбековдун жана Тɵрɵбай Зулпукаровдун жардамы менен депутат болуп келип, Атамбаевдин экс-президент статусун алууга кɵмɵктɵшкɵнүн да АШАчылардын эсине сала кетели. Кимди колдоп жатканын сезишсин?!!

Дагы бир кызык жагдай. Бакиров ɵзү Араван районунан болот. Кантип Ноокаттан добуш алышы мүмкүн!?? Жооп бирɵɵ эле. Дагы эле Сооронбай Жээнбековдун бийлигиинин жана Тɵрɵбай Зулпукаровдун жардамы аркылуу жетиштүү добуш алганы айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат. Ноокаттык шайлоочулар мурда, кийин тааныбаган, элге кызматы ɵтпɵгɵн Бакировго эмнеге добуш бермек эле? Таасирдүү тараптардын колдоосу, жардамы болбосо?

17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад келишимин, кыргыз-ɵзбек чек арасын талкуулап, Кыргызстанда тарыхый окуялар болуп жатса, бир суроону 5 жолу берип, жɵн гана ɵзүнɵ упай топтоо максатында, чырга шылтоо издеген Бакировдун жосунсуз жоругу сокурга деле дайын болду. Эгер чындап, чек ара маселесине, жерге, элге күйгɵн мекенчил болсо, Камчыбек Ташиевге 5 жолу оозеки суроо бербей, кат түрүндɵ берсе, тийиштүү жообун алмак да. Жадакалса, кат жазгысы келбеген эмне деген депутат? Катты дагы депутат ɵзү эмес, анын мамлекет бекитип берген жардамчы, кеңешчиси жазат. Депутат ɵзү кат жазып, мыйзам жазчу болсо, Бакировдой чала сабат, кɵчɵ адамдары Жогорку Кеңешке жолой алмак эмес. Бакировго окшогондор кол койгонго араң жарайт. Мунун баарын турмуштук тажрыйба кɵрсɵтүп жатат.

Кыргыз эли мындан ары шайлоолордо талапкерлердин капчыгына эмес, билимине, ɵмүр жолуна, эң жɵнɵкɵй адамдык сапаттарына карап добуш бериш керек.