Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңеш уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда белгиленгендей, сессияда уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары, ЖККУга кирген мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Расмий делегациянын курамы:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Маалыматта Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларустун төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча билдирүүлөрдү угары кошумчаланган.