Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.