Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун кабинетине байланышкан талкуу кызуу жүрүүдө. Ал, жакында 7-кабаттан көчүрүлүп, Жогорку Кеңештеги төмөнкү кабаттагы кабинетке которулган. Мындай окуяны депутат саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. 

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы депутат окуяны саясатташтырып жатканы, 7-кабатка спикер, вице-спикерлер жана фракция лидерлери отура турганын билдирди.