Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында 100 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз каражаттар берилип баштады.

«Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруу алкагында өлкө боюнча жалпысынан 2800 аз камсыз үй-бүлөгө 292 миллион сом бөлүндү. Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө чакан ишкердик жүргүзүү үчүн берилип жатат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 350 аз камсыз үй-бүлөгө 35 млн сом бөлүндү. Анын ичинен 60тан ашык үй-бүлө сертификатка ээ болду.

Бул долбоор жылдын башында – Кадамжай жана Жумгал районунда башталган.

Эми мындан ары өлкө аймактарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө да мамлекеттен кайтарымсыз каражат берүү улантылат.