Бишкекте автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бир катар жолдор жаңыланып, эстакадалык көпүрөлөрдү салуу пландалууда.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоору (3-фаза) боюнча Кытайдын эксперттик тобу менен жолугушкан. Анда Кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 28 күндүн ичинде иштелип чыгарын белгилеген.

3-фазанын алкагында жасала турчу жолдор:

Лев Толстой — Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу транспорттук жол кесилиштери;

Төрөкул Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүнөн Лев Толстой көчөсүнө темир жол аркылуу чыгуучу өтмөк;

Лев Толстой жана Жаш гвардия проспектисинин кесилишиндеги транспорт түйүнү;

Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук-эстакадалык көпүрө;

Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишине эки кабаттуу транспорттук жол кесилиштери.