Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке 2022-жылдын 10 айынын ичинде 26,5 млрд сом түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр алтын кени Кыргызстандын карамагына толук өтүп, беш арбитраждык соттун баары жыйынтыкталды.

“2010-2021-жылдары 11 жылда 90,8 млн доллар (5,3 млрд сом) суммасында Кыргызстанга дивиденддер төлөнгөн. Ал эми 2022-жылдын 10 айында эле Кумтөр кенинен салык, салыктык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдөн суммасы 26,5 млрд сом түздү”, — дейт ал.

Жапаров 2021-жылы 10 тонна алтын Кыргызстанда калса, 2022-жылы 17,2 тонна алтын каларын маалымдады.