Күн мурун, 23-ноябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда элчи Текебаев бир катар долбоорлорду, айрыкча кайра жаралуучу энергетика тармагында, Кыргызстанда кремнийди чыгаруучу завод куруу тууралуу жана Кыргызстан менен Германиянын банктарынын ортосунда кызматташтыкты орнотууну сунуш кылды.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын экономика жаатында 2023-жылы боло турган иш-чаралары талкууланды.

Элчи Текебаев М.Хармсты Чыгыш комитеттин түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары да албан ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Германиянын эң ири уюму. Чыгыш комитетинин мүчөлөрү болуп 350 германдык компаниялар кирет.