Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга өлкө аймагынан келген 1072 делегат катышууда. Кворум бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чараны ачып жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, президенттин курултайды чакыруу жөнүндө жарлыгы менен бирге биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, мыйзам кабыл алынганга чейин убактылуу жобо бекитилген. Аталган документтер менен уюштуруу комитетине Элдик курултайды уюштуруу милдети жүктөлгөн.

Касмамбетовдун айтуусунда, уюштуруу комитетинин дарегине 1 612ден ашык кайрылуу келип түшкөн. Курултайга жалпысынан 1072 делегат шайланды.

Алардын ичинен Баткен облусунан 71, Жалал-Абад облусунан 147, Нарын облусунан 128, Ош облусунан 179, Талас облусунан 76, Чүй облусунан 218, Ысык-Көл облусунан 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, эмгек мигранттарынан 26, конфессиялык уюмдардан 10 делегат шайланып келди.

Делегаттардын курамы аялдардын 150дөн ашуун, эркектердин 924 өкүлүнөн турат.

Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, делегаттар 12 улуттун өкүлүнөн шайланды. «Жаш курактары боюнча алсак, 18-30 жаштагылар — 30 делегат, 30-40 жашка чейин — 141 делегат, 40-50 жашка чейин — 197, 50-60 жашка чейин — 268, 60-70 жашка чейин — 330, 70-80 жашка чейин — 97 делегат, 80 жаштан жогору 14 аксакал бүгүн залга келип олтурат», — деп баса белгиледи биринчи Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.