Быйылкы жылы Ысык-Көл облусу боюнча 8 мектеп жана 9 бала бакчанын ишке берилиши белгиленген. Азыркы тапта республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан объектилерди жыл аягына чейин толугу менен бүткөрүү аракети көрүлүүдө. Алдыда декабрь айынын аягына чейин калган 3 мектеп жана 2 бала бакча ачылары күтүлүүдө.

Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы 275 орундуу мектеп балдар үчүн эшигин ачты. Бул мектептин имараты райондо курулушу көп убакытка (7 жылга) созулуп кеткен объектилердин катарына кирчү. Мектеп имаратынын окуу корпусу толугу менен бүткөрүлүп, бардык окуу класстары заманбап шартта жасалды.

Окуу бөлмөлөрүн жасалгалоого айылдан чыккан ишкерлер, мурда билим берип кеткен мугалимдер көмөк көрсөтүштү. Мектепке аты берилген Казакбек Маматовдун кыздары да мектепке акчалай жардам көрсөтүшүп, баалуу белектерин тапшырышты.

Ошондой эле Ысык-Көл районунун Жаркымбаев айылында К.Маматов атындагы мектептин курулушу аяктады. Анын ачылышына Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Калыбек Жумадылов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

К.Маматов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин эски корпусу авариялык абалда болгон. Мектептин жаңы корпусунун курулушу 2015-жылы март айында башталып, 2019-жылдын декабрь айында аяктаган. Ага республикалык бюджеттин эсебинен 34 млн акча каражаты бөлүнгөн.