Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай аяктады.

Курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилип, алардын сунуш-пикирлери жана нааразычылыктары угулду.

Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.