Бүгүн, 28-ноябрга түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +3…+8;
Талас жергесинде +4…+9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында +10…+15;
Ысык-Көл облусунда +4…+9;
Нарын облусунда -2…+3;
Бишкекте +5…+7 градус болот.