30-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 2…7, Таласта -4…+1 градус, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 2…7 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 4…6 градус болот.