Экономика

Коррупциядан түшкөн каражаттан бюджетке 8 млрд. сомго жакын акча которулду

Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Талант Келдибеков коррупциядан өндүрүлгөн каражаттардын сакталышы тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун милдеттүү жана ыктыярдуу түрдө компенсациялоо боюнча түшкөн акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсебинде турат.

«Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы катары Финансы министрлигинин депозиттик эсебине да которулуп, эсепке алынат», — деди Келдибеков.

Ал 2020-жылдан баштап 2022-жылдын октябрь айынын аягына чейин жогоруда айтылган депозиттик эсептерден республикалык бюджетке 7 миллиард 866 миллион сом которулганын айтты.

Анын ичинен:

2020-жылы – 2 миллиард 719 миллион сом,

2021-жылы – 1 миллиард 915 миллион сом,

2022-жылдын он ай ичинде – 3 миллиард 231 миллион сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button