Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун кызматтан кетишин төгүндөдү.

“Борбор калаанын мэриясы мэр Эмилбек Абдыкадыров кызматынан кетпей, кадимки режимде иштеп жатканын расмий билдирет. Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Мектептин курулуш долбоору ийгиликтүү аяктагандан кийин борбор калаанын мэри команда менен биргеликте Бишкекти өнүктүрүүгө багытталган башка негизги долбоорлорго – таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна жана автобустарды сатып алууга киришүүдө.

Урматтуу кесиптештер! Маалыматты текшерип, ушактарга ишенбеңиздер», — деп айтылат маалыматта.