2022-жылдын 27-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Ак-Сай айылынын тургуну 1972-жылы туулган Запарбек Жолдубаевдин 6 баш уйу өзүнүн короосунан кароосуз калып, белгисиз жака чыгып кеткен.

Баткен РИИБдин милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, малдар Тажикстандын Исфара районунун Ворух аймагына өтүп кеткени тастыкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух РИИБдин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, малдар ээсине кайра кайтарылып берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы