Жашоо бумеранг же болбосо айланып өз башыңа келет дегенди жон терим менен сезип, кылган кылыктарыма өкүнүп отурган чагым. Дал ушул ичимде эч кимге айта албаган сырым башка кыздарга сабак болуп, арканды узун таштайт деген ойдомун.

Биз үйдө беш бир тууганбыз. Алардын төртөө эркек, кыздан мен жалгыз анан үйдүн кенжесимин. Атам жалгыз кызым деп өтө эле көзүмө карап өстүрдү. Агаларым бой жетип, баары тең бүлө күтүштү. Эң улуу жеңем келген күндөн тартып ата-энемди агамды кадимкидей кызганып баштадым. Жеңемдин катасын гана карап турам, бир аз эле жаза тайса апама айтып, чуу чыгарып, апам жеңем менен агамды урушса мен жыргап калам. Бир жолу да жеңем талгак болуп шашлык жегиси келген экен, байкем бизден жашырып шашлык алып келип берсе, аны көрө калып, апама ыйлап, иии азыр ойлосом уялам кадикимдей. Жеңем байкуш акылдуу кыз экен баарына чыдады. Экинчи байкем үйлөнгөндө алар башка жака бөлүнүп чыгышты. А мага жаңы жеңем деле анча жага бербеди. Ал да бир үйдүн эрке кызы экен, мүнөзүбүз келишпей, алар да бат эле бөлүнүп башка жашап кетишти.

Ошентип, жеңелериме күн көрсөтпөй жүрүп өзүм жеңе болчу күн келди. Мен турмушка чыкканда 4 жеңем тим эле шаракташып, аябай тойлошту. Алардын кубанганы көзүнөн эле көрүнүп турду. Көрсө “ушундан кутулганыбызга куйдайга миң ирет шүгүр” дешкен тура.

Мен келин болуп барган жер 4 кыз, жалгыз эркек экен. Башында баары жакшы мамиле жасап, баары жомоктогудай болуп жаткан. Качан гана апам ооруп (кайынэнем) калганда, кыздары келип, “апама жакшы карабай жатасынар, апам жакшы көргөн тамакты жасап бергиле, кийимдери кир жуубайсыңарбы”  деп чуу салып кетишет.

Үчүнчү балам боюма бүтүп, талгагым катуу болду. Эч ким жакпайт, тамакты жасай албайм. Майдын жытына кусам. Ошондой күндөрдө улуу кайынэжем келип абай урушуп кетти. Анда да өзүмдүн жеңелеримди анчалык түшүнгөн эмесмин. Эми өзүмдүн апам ооруп төшөккө жатып калды. Жеңелерим,  “кезинде бизди үйгө батырчу эмес, кызы келип карасын” деп жатышыптыр.

Мен эми эки жакта эки апам ооруп, балам ооруп үч күн түнү менен ыйлап чыкканда тообомо таяндым. Баарынан кечирим сурагым келет. Өзгөчө ортоңчу жеңемден. Анткени алардын эки ирет ажырашып жарашуусуна мен себепкер болгом. Жараткан мага кыялыма жараша жашоону берди. Ошондуктан жалган жашоодо конок экенибизди унутпай, сыйлашып эле жүргөн жакшы экенин түшүндүм.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.