Улуттук статистика комитети 2022-жылдын башында аял жана эркектердин саны боюнча өлкөдө абал кандай экени тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, аялдар дагы деле эркектерге салыштырмалуу көптүк (дээрлик 50 миң кишиге) кылат.
Маалыматта соңку беш жыл тууралуу айтылат. Мисалы, 2018-жылы 1 000 аялга 983 эркек туура келсе, быйылкы жылдын башында бул көрсөткүч 985ке жетти.
Кыргызстан боюнча алганда жалпы жарандардын 50,4 пайызын аялдар түзсө, 49,6 пайызы — эркектер. Анткен менен эмгекке жарамдуулар арасында эркектер көбүрөөк (51,5 пайыз).
Ал эми пенсия курагына келгенде эркектердин саны кескин кыскарып, өз категориясындагы жарандардын 30 пайызын гана түзүп калган.
Буга чейин Улуттук статистика комитети Кыргызстан карылыктын босогосунда турганын билдирген.