Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга мамлекет тарабынан шарттар түзүлүп, долбоорлор ишке аша баштады.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул тармакка көңүл буруп, инвесторлорго жеңилдиктер берилгенин Курултайда дагы белгиледи.

Ички инвесторлор тарабынан курулган чакан ГЭСтердин электр энергиясын мамлекет сатып алат.

Бул чакан ГЭС Жалал-Абад облусунун Көк-Арт дарыясына курулуп жатат. Жумуш 24 саат токтобой, түнкүсүн да прожекторлордун жарыгы менен бетон кую иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, мындан сырткары Таласта 25 МВт “Бала-Саруу ГЭСин, Нарында 100 МВт кубаттуулуктагы “Куланак” ГЭСтерин куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Ошондой эле, Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып жатат. Анын кубаттуулугу 5,6 МВт жогорулайт.

Токтогул ГЭСинин бир агрегаты реконструкция болуп 60 МВт кошулду. Учурда сыноодон өтүүдө. Дагы 3 агрегат жылына бирден реконструкция болот. Жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулат.

Үч-Коргон ГЭСи дагы реконструкцияланып, кошумча 40 МВт кошулат.

Камбар-Ата 2 ГЭСин курууга конкурс жарыяланды. Анын кубаттуулугу 150 МВт болот.

Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1800 МВт.

Айтор, мамлекет өзүнүн энергетикалык кубаттуулугун арттыруу багытында активдүү иш алып барууда.