Кыргызстанда 1-декабрдан 8ине чейин “Жүргүнчү ташуучулар” аталышындагы ири рейд жүрөт. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айткикул уулу билдирди.
Ал мындай иш-чара кесепети оор болгон жол кырсыктарын алдын алуунун алкагында болуп жатканын белгиледи. Анда шаарлар жана облустар аралык каттамдарга чыккан айдоочуларды текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Аны менен катар шаардык таксилер дагы текшерилерин айтышты.