Өзгөндө жаранды опузалап, акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрда жергиликтүү милиция бөлүмүнө Өзгөн шаарынын тургуну 32 жаштагы Т. М. арыз менен кайрылып, опузалап акча талап кылган жарандарга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган.

Анын айтымында, 24-ноябрда Өзгөн шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан «Айчүрөк» кинотеатрынын алдында бейтааныш үч адам жабырлануучуга күч колдонуп, “Дэу-Нексиа” үлгүсүндөгү автоунаага салып, талаага алып барышып, 50 миң сом талап кылышып, жанындагы болгон 10 миң сом акчасын тартып алышкан. Андан сырткары, бирөөсү өзүн Өзгөн шаарындагы криминалдык топтордун биринин мүчөсү катары тааныштырып, 25-ноябрь күнүндө 25 миң сом акча таап келүүсүн айткан.

Бул факт Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, мыйзамга ылайык кылмыш иши козголгон.

Өзгөн райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, опузалап акча талап кылган «Г» аттуу жаран 15 миң сом акчаны алып жаткан учурда кармалган.

Тергөө учурунда кармалган жарандын өздүгү аныкталып, ал Өзгөн районунун тургуну, мурда оор кылмыш жасап соттолгон, 42 жаштагы А. уулу Т. экендиги такталган. Кылмышка шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.