Бишкекте “Кепилдик фонду” акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишкердиктин абалын жана анын экспорттук потенциалын баалоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарынын бет ачары болуп өттү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, изилдөөнүн максаты чакан жана орто ишкердиктин өнүгүү деңгээлин жана учурдагы абалын аныктоо, ошондой эле анын экспорттук потенциалын аныктоо болуп саналат.

Презентациянын жүрүшүндө сурамжылоонун катышуучулары, алардын ишмердүүлүгүн баалоо жана өнүгүү перспективалары, ошондой эле финансылык ресурстарга жетүү жана финансылык сабаттуулук жөнүндө маалымат берилди. Мындан тышкары, соода каржылоо инструменттерин пайдалануу боюнча атайын изилдөөлөрдүн маалыматтары берилди, анын объектилери болуп коммерциялык банктар эсептелди.

Статкомдун атынан иш-чарага төраганын биринчи орун басары Айнура Орозбаева катышты, ал өз сөзүндө экономикалык өсүш темпин тездетүүдө чакан жана орто ишкердиктин чечүүчү ролун баса белгиледи. “Чакан жана орто ишкердик учурда бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүдө жана жакшыртууда, экономикага түз инвестицияларды тартууда жана жумуш орундарын түзүүдө чоң потенциалга ээ”, — деп белгиледи.

Улутстаткомдун расмий статистиканы өндүрүүчү катары ролу, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин иши жана Улутстатком тарабынан чыгарылган, акыркы беш жылдагы ишкердикти өнүктүрүүнүн динамикасы жана тенденциялары жөнүндө маалыматтарды камтыган басылмалар жөнүндө айтып берди.

Иш-чарага Статкомдон тышкары президеттин аппаратынын, КР Улуттук банкынын, бир катар министрликтердин жана ведомстволордун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.