Жүргүзүлгөн бир нече аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2022-жылдын азыркы мезгилине карата укук коргоо органдарына 76 материал жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эсеп палатасынын башчысы Алмазбек Акматов билдирди.
Тагыраагы, Башкы прокуратурага 70, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 6 материал жиберишкен.
«Анын жалпы суммасы 7 миллирд 964 миллион 493,6 сомду, 84,0 миң долларды жана 927 миллион 537,3 еврону түзөт (калыбына келтирилүүчү сумма жогорудагы үч валюта бирдигинде тиркелген — ред.)», — деп билдирген Акматов.
Жөнөтүлгөн материалдарды кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдары тарабынан 10 кылмыш иши козголуп, анын алтоо сотко жиберилген. Жети иш кыскартылып, 25 материал боюнча тиешелүү текшерүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Акматов анын жыйынтыгында он кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.
Азыркы мезгилде 336 миллион 558,3 миң сом ордуна коюлган.
Булак: Спутник.кж