«Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова парламенттин
Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку
Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.
Бул кызматка Султанбекова гана көрсөтүлгөн болчу.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Султанбекованын талапкерлигин 81
депутат колдоду, 2 депутат «каршы» добуш берди.
Буга чейин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана
Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетин Медер Алиев жетектеп келген. Ал
кызматын өз ыктыяры менен тапшырып, мындай кадамга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун айткан.