Кыргызстанда ашыкча салмак менен жабыркагандардын басымдуу бөлүгүн пенсия алдындагы жана пенсия курагындагы адамдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Башка категориялар боюнча абал төмөнкүчө:

18-25 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — нормалдуу салмак;

25-30 жаштагылардын басымдуу бөлүгү — ашыкча салмагы барлар;

30 жаштан жогорулардын көпчүлүгү — семирип кеткендер.

Аял-эркекке бөлүп карай турган болсок, эркектердин ичинен 41,5 пайызынын ашыкча салмагы бар. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч 34,6 пайызды түздү.
Жогоруда 2021-жылдын соңуна карата маалыматтар колдонулду.
Буга чейин эндокринолог Дилбар Саттарова Sputnik радиосуна берген маегинде ашыкча салмак бул өнөкөт оору экенин айткан.