Келерки жылдан тарта Кыргызстандагы бардык ооруканалардын жетекчилерин аттестациядан өткөрүү механизмин киргизүү пландалууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде айтты.
Ал агенттикке министрликтин ишинин жыл жыйынтыгын чыгарып жана 2023-жылга карата пландары туурасында айтып берүү үчүн келген.
Министрдин орун басарынын билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө кээ бир саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин иштин көзүн билбегени көйгөй жаратып келет.

«Бул аларга карата кандайдыр бир административдик чараларды көрүүнү талап кылат. Балким, кайсы бир жетекчилер кызматынан бошотулуп, административдик чара колдонулар. Бул эми алар жасап жаткан иштин деңгээлине байланыштуу болот. Келе жаткан жылда Кыргызстандагы саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин аттестациядан өткөрүүнү пландап жатабыз. Анын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлөт», — деген ал.

Садыков учурда аттестацияны өткөрүү боюнча механизм иштелип жаткандыгын, биринчи этап жаңы жылдын башы менен башталарын айтты.