ЕӨБдүн божомолу: Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) банкка мүчө өлкөлөрдүн экономикасы боюнча жаңыланган болжолун жарыялады. Финансы институтунун эксперттери келерки жылы Кыргызстанда инфляция басаңдайт деп күтүшүүдө.

Банктын талдоочулары бул жылы өлкөдө баалардын өсүшү 14%ды түзөрүн, бирок келерки жылы ал 5.2%, 2024-жылы 4.8%га төмөндөй тургандыгын божомолдошууда. Ошол эле учурда ЕӨБ Кыргызстандагы анча-мынча инфляциялык тобокелдиктерди жокко чыгарбай тургандыгын да белгилейт.

Үстүбүздөгү жылы 1 доллардын орточо жылдык алмашуу курсу 83.7 сом деңгээлинде болжолдонууда. ЕӨБ 2023-жылы ал болжол менен ушул эле деңгээлде (1 доллар – 83.3 сом) кармаларын билдирди. Бирок 2024-жылы улуттук валюта – сом алсырап, 1 доллар 85 сомдон да жогору көтөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.

«Бул [2023-жылы сомдун курсун турукташтырууга] жарым-жартылай КР Улуттук банкынын акча-кредит саясаты көмөктөшөт. Узак мөөнөттүү келечекте фундаменталдык факторлордун аракети сомдун курсунун төмөндөшүнө алып келет, жылына болжол менен 2%га көбөйөт», – деп айтылат ЕӨБдүн божомолунда.

Булак: kg.economist.kg